“Чексиз-Илим” аттуу бир айлыктын алкагында мастер класс.

«Мен убактымды текке кетирбейм, жогорку концепциялдуу нерселер жөнүндө ойлоном жана убактымды инженердик, өндүрүш маселелерин чечүүгө жумшайм», – деп белгилүү инженер миллиардер Илон Маск айткандай К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Маалыматтык системалар жана технологиялар» кафедрасынын жетекчиси физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Байболотов Бакыт Андабекович “Илим-Чексиз” аттуу илимий айлык негизинде колледждин КПОВ-22 тайпасынын студенттери (Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо адистерине) (Аrduino) Ардуинодо программа түзүп, светодиоддорду өчүрүү жана күйгүзүү о.э. (Tinkercad) Тинкеркардда онлайн платформасында электрдик чынжырларды түзүүнү жана аларды программалоонун жолдору менен тааныштырып, мастер класс өттү. Бул кызыктуу мастер класс студенттердин жаӊы илимий ачылыштарын жасоого түрткү бергендигин айтып, агайга ыраазычылыктарын билдиришти.и