«Биотехнология» боюнча мастер класс

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Табийгый илимдер» кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Сариева Гульмира Эдигеевна молекулярдык генетикалык лабораторияда колледждин КП-21, КП-22 (келечектеги башталгыч класстарда окутуу адистерин) тайпасынын студенттерине «Илим-Чексиз» илимий айлыктын негизинде уюшулган «Биотехнология» боюнча мастер класс өттү. Бул мастер класста «Биология» илими тирүү организмдерди изилдерин жана генетика боюнча кененирээк маалымат алышты. Студенттер микроскоптон жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, козу-карындардын ж.б. клеткаларын ынтызарлык кызыгуу менен көрүп таанышышты. Ал эми бактерияларды изилдеп, өстүрүп, биохимиялык, морфологиялык анализ жүргүзгөндөн кийин ДНК алынып, андан белгилүү бир генди изилдөө менен полимераздык тизмек реакциясын (ПТР) алууга болоорун көрүшкөндө «Генетика-бул биология илиминин падышасы» экенине ынанышты. Келечекте эжейдин жолун жолдоп, бул кесипке да окууга тапшыргысы келээрин студенттер жашырышкан жок.