“Кызматташтыкта келечекке карай” аталыштагы тегерек стол

Бүгүнкү аракет – эртеңки келечек демекчи ЫМУнун колледжинде “Кызматташтыкта келечекке карай” аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун максаты Колледждин жана Каракол шаарынын мектептеринин байланышын бекемдөө болду. Жолугушууда иш берүүчүлөр менен окуу пландарынын ичиндеги айрым сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөрүүлөр жана кошумчалар талкууланды. Келечекте мыкты адистерди даярдоодо кандай компетенциялардын үстүндө иштөө керек жана башка ушу сыяктуу маселелер тууралуу ой бөлүшүп жолугушуу максатына жетти.