“Бухгалтердик эсептин негиздери” курсунун алкагында колледждин 1-курсунун студенттери арасында олимпиада.

2023-жылдын 12-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинин окутуучусу Д.Т. Мусуралиева өз демилгеси менен студенттер үчүн ачкан “Бухгалтердик эсептин негиздери” курсунун алкагында 1-курстун студенттеринин арасында олимпиада өткөрдү. Калыстар тобу Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын башчысы, Ч. Амантурова, экономика, каржы жана салык салуу кафедрасынын башчысынын м.а. Т. Шыгаева, колледждин социалдык-экономикалык багыттагы ПЦКсынын башчысы А.Сарбанова студенттердин билимин баалап, жыйынтыгында мыктылар диплом, грамоталар менен сыйланышты.