КРнын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге лекция окуду.

2023-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге лекция окуду. Каныбек Иманалиев өз лекциясында билимдин маанилүүлүгү, Кыргыз иденттүүлүгүндөгү Жети Акенин орду жана башка маселелерге токтолду.Ошондой эле ЫМУнун студенттик “Жалын” элдик театрынын студенттери тарабынан Жети Аке тууралуу чакан сахналаштырылган сценка коюлду.