Универсиадада дзюдо боюнча болгон мелдеште ЫМУнун командасы 3 орунга ээ болду.

2023-жылдын 16-апрель күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан жаштар арасында дене тарбия менен спортту кенен жайылтуу жана өнүктүрүү максатында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн уюштурулган Универсиадада дзюдо боюнча болгон мелдеште К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин командасы 3 орунга ээ болуп 10000 акчалай сыйланышты. Команданын курамы:1. Исаева Ажар- ФС-31 тайпасынын студенти;2. Мадамбаева Адель-КР-11 тайпасынын студенти;3. Нурмухамедова Шахида –ФС-31 тайпасынын студенти;4. Сапарбек кызы Алина-Т-11 тайпасынын студенти;5. Султашева Улара-ФС-11 тайпасынын студенти;6. Суркина Софья-ФС-11 тайпасынын студенти;7. Турдукеева Мырзайым-Т-11 тайпасынын студенти;Машыктыруучусу дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу Елена ИсаковаСтуденттерибизди жана машыктыруучубузду бул ийгилиги менен куттуктайбыз!и ещё 4