«Тилим менин тирегим» аттуу тарбиялык иш-чара.

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Физика-математикалык жана табигый-техникалык” факультетинин «Информатика жана эсептөө техникасы» багытында билим алып жаткан ПО-31 группасы куратору А.Т.Джумабаева жана ПО-21 группасы куратору М.С. Шергазиеванын студенттеринин арасында «Тилим менин тирегим» аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. ϴткөрүлгөн иш чаранын мазмунунда Ысык-Көл мамлететтик университетибиз сыймык менен ысымын алап жүргөн Кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун өмүрү чыгармачылык жолун дээрлик жеткиликтүү чагылдырып, студентерге тарбиялык маанисин ачып көрсөтүштү.