«Canva, ментиметр, Kahoot жана Google сурамжылоо менен иштегендин негиздери» темасында тренинг.

18-19-апрель күндөрү ЫМУнун #Digikonush санарип көндүмдөр борборунда «Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү» кафедрасынын окутуучулары Наматова Э. жана Каныбекова А. Педагогика факультетинин профессордук-окутуучулук курамына «Canva, ментиметр, Kahoot жана Google сурамжылоо менен иштегендин негиздери» темасында тренинг өткөрүштү. Тренингде окутуучулар Canva аркылуу презентация жана видеосабак жаздырууну, ментиметр аркылуу кичи сурамжылоо жүргүзүүнү, Kahoot платформасы аркылуу кызыктуу сабак өтүүнү жана Google форма аркылуу суроолорду кантип түзүүнү үйрөнүштү.