Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор арасында мобилдүүлүк программасынын алкагында “Чечендик чеберчилик” боюнча тренинг.

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор арасында мобилдүүлүк программасынын алкагында Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти Кыял Асаналиева 2023-жылдын 24- 27-Апрелинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин жамаатына “Чечендик чеберчилик” боюнча тренинг өтүп, студенттерине “Дүйнөлүк адабият” предметинен лекция окуду. Жыйынтыгында ыраазычылык кат менен сыйланды.