Филология факультетинин студенттери окуу жайдын колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.

2023-жылдын 27- апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык -Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин студенттери окуу жайдын колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. Каралган негизги маселе – келечекте керек болчу көндүмдөр, келечектин адистери. Суденттер окуп жатып удаа эле өзүн-өзү өнүктүрүү курстарга барып жаткан мисалдарын айтып, ал түгүл окуудан кийин иштегенге да үлгүрүп жатышканын билдиришти. Адам убактысын туура колдонуп , студент болуп туруп албан ийгиликтерге кантип жетишүүгө мүмкүн экен тажрыйбаларынан бөлүшүштү. Студенттик кызыктуу күндөрдү пайдалуу, максаттуу өткөрүүгө чакырышты. Ошондой эле кыргыз тил жана адабият, орус тил , чет тилдер адистиктеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө маек куруп, музыкалык номерлер, инсценировкалар, оюндар, презентациялар менен коштошту.