“Кумар оюндары” аттуу куратордук саат өткөрүлдү

2023-жылдын 27-апрелинде К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-математикалык жана табигый -техникалык факультетинин Машина таануу жана автомобиль транспорту жана Электр камсыздоо кафедраларынын кураторлору уюштурган “Кумар оюндары” аттуу куратордук саат өткөрүлдү. Бул иш-чарага ФМ и ЕТ факультетинин деканы ТакырбашевА.Б, маданий-массалык иш чаралар боюнча башкы адис Борбодоев К., Машина таануу жана автомобиль транспорту кафедрасынын башчысы Абдулдаев Д.А. жана Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрү Тайжанов А. жана Ишенбай А. катышышты. Иш-чаранын негизги максаты коомдогу жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоонун жана алдын алуунун аракеттери. Бул куратордук саатта студдентердин видео слайд, видео роликтер жана сценка менен коштолду. Куратордук саат кызыктуу өттү.