ПД- 11, ПД -12 тайпаларынын студенттеринин ата-энелер чогулушу болуп өттү.

2023-жылдын 28-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун #DigiKonush санарип көндүмдөр борборунда ПД- 11, ПД -12 тайпаларынын студенттеринин ата-энелер чогулушу болуп өттү. Баардык студенттердин ата-энелери жоопкерчиликтүү мамиле кылып калбай келип беришти. Иш чарага илим жана инновация боюнча проректор т.и.к., доц. Ишенбекова Нургуль Турсунгазиевна, Педагогика факультетинин деканы ф.и.к. доцент Анапияева Асель Абдысатаровна жана кафедранын окутуучулары катышышты. Ич чара жогорку денгээлде өтүп, факультеттеги иш чаралар, окуу иштери, студенттердин жетиш-катышы жөнүндө сөз болду. Соңунда ата-энелерге арналган концерттик программа менен жыйынтыкталды.