ЫМУга И.Арабаев атындагы КМУнун Жапонтаануу институнун делегациясы келди.

2023-жылдын 10-майында К.Тыныстанов атындагы ЫМУга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жапонтаануу институнун делегациясы, КМУнун окуу иштери боюнча проректору Курманбек уулу Талант мырзанын жетекчилиги астында келишти. Жолугушуунун негизги максаты ЫМУда Жапон тили жана маданияты борборун ачуу болду жана эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Конокторду ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич тосуп, окуу жайыбыздын Жапон мамлекети менен болгон байланышы тууралуу айтып, борбордун ачылышына кызыктар экенин билдирди.