«Кыргыз сомуна 30-жыл».

2023 –жылдын 12- майында Касым Тыныстанов атындагы мамлекетик университетинде «Экономика, туризм, тарых» факльтетинин «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит», «Экономика жана салык салылуу» кафедралары тарабынан «Кыргыз сомуна 30-жыл» атуу темада факультеттин студенттери менен биргеликте тегерек стол өткөрүлдү.Тегерек столдун коноктору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл облусттук башкармалыгынын начальниги Монуев К.О., Ибргимова Н. катышышты.Тегерек столдун алкагында студенттер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхын, кыргыз валютасынын чыгарышынын серияларын баяндап беришти. 1995-2023-жылдарынан баштап чыгарылган коллекциялык эстелик монеталардын тарыхын жана өлчөнгөн алтын куймалары түрүндөгү башка нумизматикалык баалуулуктар менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл облусттук башкармалыгынын начальниги Монуев К.О. тааныштырды. Көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Ибргимова Н. улуттук валютаны чыгаруу жана аны жакшыртуу тарыхын жана ошондой эле акыркы сериядагы сомдун 30- жылдыгына арналып чыгарылып жаткан жаңы банкнотторун коргоо белгилерин баяндап берди.Тегерек столдун соңунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл облусттук башкармалыгынын начальниги Монуев К.О. тегерек столго активдүү катышкан студенттерге блектерди тапшырды.