Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы жана депутаттары ЫМУга иш сапары менен келишти.

2023-жылдын 12-майында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Бахридин Шабазов, Арсланбек Малиев, Жаныбек Кыдыкбаев, Максатбек Сарбагышев жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу иш сапары менен келишти. Иш сапардын алкагында коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу жайдагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшүнө да күбө болушту. Ошондой эле төрага жана депутаттар окутуучулар жамааты менен баарлашып, ардактуу коноктор китебине каалоо-тилектерин калтырды. Мугалимдер университеттин имаратын оңдоп-түзөөгө керектүү каражатты бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүү маселесин көтөрүштү. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз элинин татыктуу уулу Касым Тыныстановдун сыймыктуу ысымын алып жүргөн университетте өлкөбүздүн алдыңкы адистеринин көбү билим алышканын белгилеп, акыркы жылдарды өз күчүнө гана таянып өнүгүп жаткан билим берүү мекемесине тийиштүү көңүл бурулбай жатканын айтып, өз фондунан заманбап компьютерлерди белекке берүүнү убадалады. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев 1 окутуучуга жана 1 студентке стипендия берип тураарын айтты. Андан тышкары депутаттар университеттин имараттарынын оңдоп-түзөөгө керектүү каражатты бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү убадалашты.