«Чексиз – Илим» аттуу илимий айлыктын жыйынтыктоочу бөлүгү.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде өткөн «Чексиз – Илим» аттуу илимий айлыктын жыйынтыктоочу бөлүгү бүгүн 16-майда кызыктыруучу викторина оюуну жана алдын ала «Жасалма интеллект», «Азык-түлүк коопсуздугу», «Жашыл экономика» боюнча үйгө берилген тапшырманы ар бир тайпа саламдашуу, презентация, видеороликтер менен жогорку денгээлде аткарышты. Жыйынтыгында тайпа аралык жарышта 1-орунга «Эконур», 2- орунга «Univers», 3-орунга «Инновация» тайпасы татыктуу болуу менен Диплом, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Студенттер илимий айлыкты уюштурган «Илим жана инновациялар» проректорлугуна тереӊ ыраазычылык билдирүү менен жаӊы илимий ачылыштарга күбө болушканын айтышты. Андыктан келечек жаштарга ийгилик каалап, сыйлыгынар кут болсун демекчибиз.