ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясы.

9-май Улуу Жениш күнүнө карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде 21-апрелде ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү. Конференцияга бардык жогорку окуу жайларынын 120 га жакын студенттер катышып доклад окушту. Касым Тыныстанов атындагы Ысык Көл мамлекеттик университетинен беш студенттин илимий макалалары ( илим.жетекчиси фил. илим. канд., доцент Кыял Асаналиева) жактырылып конференцияга чакыруу алышкан. ЖОЖдор аралык илимий -тажрыйбалык конференциянын жыйынтыгы 15-майда чыгып эң мыкты жазылган илимий макалалары үчүн төмөндөгү студенттер Калчаева Сезим КФ-31, Аскаров Уран И-31 тайпасынан I-II- даражадагы диплом жана баалуу сыйлыктарды алышты. Ал эми КФ-31 тайпасынын студенттери Өмүрбаева Айзат, Кадыркулова Адеми, Нурмахмедова Нурница жигердүү катышкандыгы үчүн сертификаттарга ээ болушту.