2023-жылдын 16-майында Физика жана электркамсыздоо кафедрасында ” Мектеп, орто окуу жай, жогорку окуу жай жана өндүрүш – мамлекетти өнүктүрүүчү күч” деген аталышта жолугушуу өттү. Жолугушууга мектептер, райондук билим берүү бөлүмдөрү, областтык билим берүү институтунун табигый-техникалык бөлүмү, мектеп мугалимдери жана Ысык-Көл электр тармактар ишканасы катышты. Жолугушуу өтө конструктивдуу маанайда өттү.