Кыз-жигит сармерден

2023-жылдын 16- майында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун “Толкун” маданий эстетикалык борборунда Колледждин окутуучусу Ж. А. Малгараеванын уюштуруусу менен көөнөргүс салттардын бири болгон кыз-жигит оюну болуп өттү. Кыз-жигит айтышы МД-11, БиЭ-11, БиЭ-12, ФО-11 тайпаларынын студенттери арасында болду. Сармерден оюну жөн эле көңүл ачуучу оюн эмес, ал абалкы салтты азыркы күндө улап келе жаткан бирден бир салттуу оюн экендигин жогорку деңгээлдеги даярдыкта отулду.