Филология илимдеринин доктору, профессор, акын, комузчу Υсөнбек Асаналиевдин өмүрү, илимий-чыгармачылык ишмердүүлүгүнө арналган эскерүү адабий кечеси өттү

2023-жылдын 26-майында филология илимдеринин доктору, профессор, акын, комузчу Υсөнбек Асаналиевдин өмүрү, илимий-чыгармачылык ишмердүүлүгүнө арналган эскерүү адабий кечеси өттү. Эскерүү кечесин университеттин ректору А.А.Иманбаев ачып, Υсөнбек агайдын эң мыкты сапаттарына токтолду. Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, ф.и.к. И.С.Султаналиев, К.Карасаев атындагы БМУнун үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун директорунун орун басары, доцент З.А.Асаналиев, Ысык-Көл облустук телевидениесинен Т.Жунушалиев, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. А.К.Койлубаевалар агайдын эмгек жолун, бирге иштеген күндөрүн эскеришти. Иш чарада студенттер тарабынан агайдын калемине таандык ырлар, накыл сөздөр жаңырып, Υ.Асаналиев жана С.Бегалиевдин баарлашуусунан үзүндү чагылдырылды. Эл аралык конкурстардын лауреаттары Назбек жана Дастан Кенченбаевдер күү чертип катышуучуларга озгөчө маанай тартуулашты. Иш чаранын сонунда Υсөнбек Асаналиев агайдын уул кыздары ыраазычылыктарын билдиришти.