Англис тили боюнча олимпиада болуп өттү

2023-жылдын май айынын 17синде жана 23үндө филология факультетинин чет тилдер кафедрасынын окутуучулары Ф.М.Жумагулова жана В.К.Кооманова тарабынан уюштурулган, 1-3-курстар арасында англис тили боюнча 2 турдан турган олимпиада болуп өттү. Бул олимпиаданы ЫМУнун илимий иштер жана инновация боюнча проректору Н.Т.Ишенбекова жана чет тилдер кафедрасынын башчысы А.Ж.Ийсаевлар ачып беришти. Жалпысынан олимпиадага 22 студент катышты. 2-турга 12 студент өтүп, алардын арасынан 1-курстар арасында 3 студент 1-2-3-орундарды ээледи. (1-орун ПП 11 тайпасынын студенти Асылбеков Кенжебек, 2-орун Асанакунов Нурсултан, 3-орун ПП 11 тайпасынан Темирбекова Бегимай) Жана ошондой эле 2-3-курстар арасында 2-турда ат салышкан 6 студенттин арасынан 3 студент 1-2-3-орундарга жетишишти. (1-орун ИА 21 тайпасынын студенти Досифу Алия, ПП 21 тайпасынан Каримова Нигина жана 3-орун ИА 21 тайпасынын студенти Самсалиева Акмарал). Олимпиадада алдынкы орундарды ээлеген студенттерге сыйлык тапшыруу аземи 2023-жылдын 29-майында болуп өттү. Аталган иш-чарага ЫМУнун ректору, А.А.Иманбаев катышып, студенттерге сыйлыктарды тапшырып, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалап өттү.