“Кашгарлык Махмуд жана анын мурасы дүйнөлүк цивилизациясынын контекстинде” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция

2023-жылдын 1-июнунда Касым Тыныстанов атындагы ЫМУда “Кашгарлык Махмуд жана анын мурасы дүйнөлүк цивилизациясынын контекстинде” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференциянын уюштуруучулары TÜRKSOY уюму, Түрк дүйнөсүнүн шаар башчыларынын бирлиги жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУ болду. Конференцияга Иманалиев Кайрат Олжобаевич, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министринин 1-орун басары, Раев Султан Акимович, TÜRKSOY уюмунун башкы катчысы; Др. Фахри СОЛАК, Түрк дүйнөсүнүн шаар башчыларынын бирлигинин башкы катчысы; Нури Аксу, эл аралык Түрк маданияттар жана мурастар Фондунун башчысы; Түркиянын бир катар шаарларынын муниципалитет башкармалары жана белгилүү окумуштуулар катышты.