Факультеттер аралык Мурас сынагы Филология факультети «Бешик той»

2023-жылдын 7-июнунда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык факультеттер аралык Мурас сынагы башталды. Чучу-кулактын негизинде 1-болуп Филология факультети «Бешик той» темасында пограмма даярдап, баланы бешике салуу жөрөлгөсүн көрсөтүштү. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдердин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялоо максатында иш чара мыкты денгээлде өттү.