“Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу достук фестивалы

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасында өткөн “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу достук фестивалын катышып келишти. Аталган фестивалда ЫМУнун студенттери саламдашуу, ыр жана бий номинацияларында 1-орунга ээ болушту.Аталган достук фестивалы 2015-жылдан бери регионалдык ЖОЖдор арасында өтүп келет. Фестивалдын максаты студенттердин бири-бири менен таанышып, дос болуусуна, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүүчү маданий иш-чара.