Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин күнү салтанаттуу белгиленди


Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин күнү салтанаттуу белгиленди. Жыл мыктылары Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 16-июнда кандидаттык ишин ийгиликтүү коргогон, мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректор Б.И.Атыгаевге 70000 сом жана жетекчиси кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору А.Т.Дунканаевге 35000 сом сыйлык берилди.
Мурас-2023 сынагынын жыйынтыгы да чыгарылды:
Колледж-50000 сом
Филология факультети-40000 сом
Физика-математикалык жана табигый-техникалык, Экономика, тарых жана туризм жана Педагогика факультеттерине-25000 сомго сертификаттар берилди.
Салтанаттуу иш чара “Студенттер-билимдүү жана бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” достук фестивалынын программасы жана Мурас-2023 сынагынын мыкты номерлери менен коштолду.