Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты, чет тили, орус тили жана адабияты, котормо жана котормо таануу адистиктерин аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрү үчүн “Ак жол сага бүтүрүүчү” аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарада факультеттин деканы, бүтүрүүчү тайпалардын кураторлору жана ата-энелер бүтүрүүчүлөрдү университетти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аларга келечекте зор ийгиликтерди каалап, жылуу тилектерин билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку жетишкендик көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө университеттин ректорунун атынан ардак грамоталар, ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Бүтүрүүчүлөргө бекем ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана жаркын келечек каалайбыз!