“Үйдө бол, аралыктан оку” видео сабактардын конкурсу

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда 2020-жылдын 1-апрелинен 31-майына чейин заманбап педагогикалык тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу, бирдиктүү маалыматтык билим берүү мейкиндигинде педагогдордун маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында “Үйдө бол, аралыктан оку” видео сабактардын конкурсу болуп өттү. Конкурска 42 окутуучудан 52 видео сабак келип түшкөн. Конкурстук иштерди дыкаттык менен баалаган комиссия чечимин чыгарып, 2020-жылдын 19-июнунда салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, көп упай топтогон 10 окутуучу акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

Конкурстук бардык видеолорду биздин You tube каналыбыздан көрө аласыздар https://www.youtube.com/channel/UCsbN8pTUarjXbS9f8yffhwg