К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун администрациясы студенттик активдер менен жолугушуу өткөздү

2021-жылдын 18-январында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун администрациясы факультеттердин студенттик активдери менен жолугушуу өткөздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Аскар Асангазиевич Иманбаев окуу жайдын бюджети тууралуу сөз кылды. Ал эми, университеттин башкы эсеп-кысапчысы М. Токтогулов жана башкы экономисти Н. Сманова окуу жайдын 2020-жылдагы контракттык жана бюджеттик негизде түшкөн каражатынын бөлүнүшү жана ошондой эле чыгашалар тууралуу кенен маалымат беришти. Студенттерге окутуучулардын жана кызматкерлердин айлык акысынын көлөмү жана соц.фондго жана салык кызматына кеткен чегерүүлөр; коммуналдык чыгашалардын көлөмү,билим берүү процессине кеткен жана башка чыгашалардын көлөмү тууралуу маалымат берилди.

Университеттин профсоюз комитетинин төрагасы К.Алымбаев жыл сайын студенттерге берилген социалдык льготалар тууралуу айтып берди. Окуу жайда билим алган жетим балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге, Афган согушуна, баткендик окуяларга катышкан ата-энелердин балдарына жана ошондой эле спортто ийгиликтерди жараткан студенттерге 100%, 50% жана 25% жеңилдетүүлөр каралган. Мисалга алсак 2020-2021-окуу жылында 24 студентке контракт төлөмүнөн женилдиктер берилген.

Аскар Асангазиевич муктажы бар үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында факультеттердин декандары тарабынан контракт акыны төлөөдө убактысын индивидуалдуу түрдө карап жана жылдыруу мүмкүнчүлүктөрү берилип жаткандыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда студенттер өзүлөрүнүн сунуштарын киргизип, окуу жайдын администрациясы менен талкуу кылып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.