Кесиптик окуу жайдын имаратынын жалпы абалын кароо иштери жүргүзүлдү

2021-жылдын 17-февралында ЫМУнун ректору, Аскар Асангазиевич жана окуу иштери боюнча проректору, Жолдошбек Шамуканбетович университеттин кесиптик окуу жайына (колледжине) барып, имараттын жалпы абалын карап чыгышты. Ректор, Аскар Асангазиевич кесиптик окуу жайга (колледжге) өзгөчө көңүл буруп, кээ бир оңдоо-түзөө жактарын жыл ичинде жаңылоого аракеттер көрүлөөрүн айтты. Ошондой эле, колледждеги материалдык-техникалык базасын жакшыртып, билим деңгээлин көтөрүүгө бардык шарттарды түзүп берүүнү айтып өттү.