Эл аралык эне тил күнүнө жана К.Тыныстанов менен Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата илимий-практикалык семинар-конференция уюштурулду

2021-жылдын 17-февраль күнү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Орус филология жана чет тилдер” факультети Эл аралык эне тил күнүнө жана кыргыз тил илиминин белгилүү өкүлдөрү К.Тыныстанов менен Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата илимий-практикалык семинар-конференция уюштурду. Конференцияга №5 орто мектебинин директору А.Э.Садабаев жана Х.Карасаев атындагы Кыргыз-Түрк лицейинин директору Мамед Кара катышышты.
Конференцияны ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич ачып, анда университеттердин жана мектептердин жаштарга көп маданияттуу билим берүүнү өнүктүрүүдөгү ордун баса белгиледи жана эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чыңдаарын айтты.
Андан ары окутуучулар тарабынан даярдалган докладдар окулду. Конференциянын жүрүшүндө ЫМУ менен Каракол шаарындагы №5 орто мектептин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.