Онлайн форматта ата-энелер чогулушу өттү

26-февраль Экономика жана туризм факультетинин деканы Карыбаева Ч.С., кафедра башчылары Малаев Э.Т., Амантурова Ч.К., Кадырова Г.Б. жана окутуучулары онлайн режимде ата-энелер чогулушун өткөрүштү. Чогулуш ата-энелерди факультеттин акыркы жаңылыктары, окуу процесси, студенттердин сабакка катышуусу жана жетишкендиктери, ошондой эле университеттин жана факультеттин сабактан тышкаркы иштери менен тааныштыруу максатында уюштурулган. Декан Чолпон Сакешевна факультеттин активдүү студенттери, факультеттин окутуучулары жана студенттери катышкан долбоорлор тууралуу сөз кылды, жана ошондой эле жыйынга катышып берген ата-энелерге ыраазычылык билдирди.