Түркиянын жазуучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырза ЫМУга иш сапары менен келди

2021-жылдын 15-мартында Түркиянын белгилүү жазуучу, адабиятчы жана фольклор таанучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырза, “Хажи Бекташ” маданий борборунун төрагасы Мустафа Өзживан Мырза жана мамлекеттик ишмер Айхан Насухбейоглу Мырза “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” китебинин бет ачарынын алкагында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич жана окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович менен жолугушту. Алгач коноктор Аскар Асангазиевичти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап ишине албан ийгиликтерди каалашты. Жолугушууда Мугла Сыткы Кочман университети менен Ысык-Көл мамлекеттик университетинин биргеликте залкар тилчи-окумуштуу, акын, жазуучу К.Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган эл аралык симпозиумун өткөрүү жана ошондой эле кызматташтыкты мындан ары дагы кеңейтүү, жаңы долбоорлордун үстүндө иш алып баруу пландары талкууланды.