2018-жылдын 10-13-сентябрында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бѳлүмү I-курстун студенттери менен жолугушууларды уюштурду. Жолугушуу учурунда университет жана университетте студенттер үчүн түзүлгѳн шарттар тууралуу толук маалымат берилди. Университетибиздин активдүү студенттери SMARTLAB жана ENACTUS командалары ѳзүлѳрүнүн ишмердүүлуктѳрү жѳнүндѳ айтып, жаңы команда топтолуп жатканын билдиришти. I-курстун студенттери кызыккан суроолорун берип жоопторду ала алышты. Жолугушуулардын соңуда викторина ѳткѳрүлүп, Касым Тыныстанов жана университет тууралуу суроолор берилип, туура жооп берген студенттерге сыйлыктар ыйгарылды.
Урматтуу студенттер! Жаштыктын эң жакшы кѳз ирмемдери бул студенттик күндѳр! Студенттик күндѳрүңѳрдүн маанилүү, маңыздуу, кызыктуу ѳтүшү ѳз колуңарда! Убакытты максатсыз ѳткѳрүп жибербѳѳ абдан маанилүү! Кыргызстандын келечеги боло турган жаштар силерсиңер, ошондуктан жакшы окуп, жашоо силерге берип жаткан ар бир мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга чакырабыз!

Оставьте комментарий