Ички академиялык мобилдүүлүк программасы

Университеттер аралык түзүлгөн Ош декларациясына ылайык, ички академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине 2018-2019 окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында И.Арабаев атындагы КМУдан, БатМУ жана ОшМУдан студенттер келишкен. 
21-май 2019 жылы студентер менен ЫМУнун ректору К.К. Абдылдаев жолугушуп, окууларына ийгилик каалоо менен сертификаттарды тапшырды.
Бир гана окуу менен чектелбестен университеттин коомдук жана маданий иш-чараларына активдүү катышып, Жети-Өгүз курортунда жана Ч,Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда болушуп, өз окуу жайларына кайтканы турушат.
Студенттерге мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалайбыз!

На данном изображении может находиться: 4 человека, люди сидят, стол и в помещении
На данном изображении может находиться: 7 человек, люди улыбаются, люди стоят, костюм и в помещении

Оставьте комментарий