«Кош жылдыз» конкурсу

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Толкун» маданий-эстетикалык борборунда профессордук-окутуучулар курамынын «Кош жылдыз» конкурсу болуп өттү. 
Жобо боюнча конкурс 2 тапшырмадан турду:1-шарты энени даңазалаган, эненин баа жеткис баркын көтөргөн ырлардан аткаруу, 2 – шарты тамашалуу дуэт. Сынактын калыстар тобу Каракол шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы А.Асанов, КР маданиятынын мыкты кызматкери К.Азизова жана Кыргыз эстрада ырчысы Ильяз Андаш болушту. Катышуучулар жогорку денгээлдеги даярдыктарын көрсөтө алышты.
Жыйынтыгында Табигый илимдер факультетинин ага окутуучусу Жыргалбек Акматалиев менен Бекболотова Назгул конкурстун баш байгесин утуп алышты. Ал эми 1-орунга Физика-техникалык факультеттин окутуучулары Жумабаев Кайрат жана Маратова Астана, 2-орунга экономика факультетинин окутуучулары Малаев Эмиль жана Жунушова Рахат, 3-орунга математика жана информациялык технологиялар факультетинин окутуучулары Сартпаев Эркин жана Дюшенбекова Махабат ээ болушту. 
Баардык катышуучулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Региондорду өнүктүрүү жылына жана сүйүктүү шаарыбыздын 150 жылдыгынын алкагында баш байгени женүүчүлөрүнүн белеги Каракол шаарынын мэриясынын атынан болду.

На данном изображении может находиться: 14 человек, люди улыбаются, люди стоят, свадьба и в помещении
На данном изображении может находиться: 3 человека, люди стоят, люди на сцене и в помещении
На данном изображении может находиться: 12 человек, люди улыбаются, люди стоят, свадьба и в помещении

Оставьте комментарий