Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын башчысы менен жолугушуу

2019-жылдын 4-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын жаңы дайындалган башчысы Эркебаев Абдыганы Эркебаевич жолугушту. 
ЫМУнун «Ардактуу профессору» А.Эркебаев Ысык-Көлгө болгон иш сапарында окуу жайдын кызматкерлери менен болгон жолугушуну пландап келгендигин өз сөзүндө билдирип өттү. А.Эркебаевдин иш сапарынын негизги максаты көп улуттуу Ысык-Көл облусунун ар улуттун диаспараларынын өкүлдөрү менен жолугушуу жана келечектеги максаттар тууралуу кенен-кесири пикир алышуу болду.
Ошондой эле улуттар ортосундагы ынтымак-ырашкерчиликти чыңдоого ЫМУнун кошкон салымы зор экендигин баса белгилеп, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Б.Атыгаевди Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын 25 – жылдык юбилейлик медалы менен сыйлады.

На данном изображении может находиться: 3 человека, люди сидят и в помещении
На данном изображении может находиться: 18 человек, люди улыбаются, люди стоят, костюм и на улице

Оставьте комментарий