Бүтүрүүчүгө
Урматтуу студенттер жана бүтүрүүчүлөр!
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Бүтүрүүчүлөрдүн карьерасы жана жумушка орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги №194/1 буйругуна жана ИГУнун 2008-жылдын 13-майындагы №01-192 буйругунун негизинде түзүлгөн. Борбор Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө кесиптик карьерасын өнүктүрүү жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүү максатында кошумча кызматтарды көрсөтөт.
Азыркы шарттарда жогорку окуу жайларынан бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногунда өз ордун табууга жардам берүү, иш берүүчүлөрдүн чыныгы талаптарына жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө даярдоо үчүн таптакыр жаңы ыкмалар талап кылынууда. Дал ушул шарттарга жооп катары өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында бүтүрүүчүлөрдүн карьерасы жана жумушка орноштуруу бөлүмдөрү түзүлүп, алар жогоруда белгиленген милдеттерди аткарууга жана окуу жай менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган.
Бүгүнкү күндө жөн гана жакшы адис болуу жетишсиз — эмгек рыногунда өз ордун таба билүү, карьераны кура жана өнүктүрө алуу, кесиптик жана инсандык өсүүгө жетишүү зарыл. Бул өз кезегинде студенттерден белгилүү бир көндүмдөрдү гана эмес, инсандык жетилгендикти да талап кылат: студент өз ишин өзү тандап, кийин анын натыйжалары үчүн жоопкерчиликти ала билиши керек.
Ошондой эле бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларында иш берүүчү — окуу жайдын негизги кардары деген түшүнүк калыптанган. Анткени бүтүрүүчүлөрдү жумушка кабыл алуу, аларга эмгек акы төлөө жана кызматтык өсүшкө шарт түзүү аркылуу иш берүүчү окуу жайдын ишинин сапатын аныктайт. Иш берүүчүлөрдүн студенттерди даярдоонун сапатына болгон канааттануусу тууралуу маалымат рынок шартында жогорку окуу жайлар үчүн өтө маанилүү, анткени бул бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында окуу жайдын мындан аркы өнүгүү багытын аныктоого мүмкүндүк берет.
Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
— Борбордун маалыматтык ресурстарын пайдалануу аркылуу студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө жумушка орношууга көмөк көрсөтүү;
— жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн карьералык өсүшүнө шарт түзгөн демилгелерди колдоо;
— рынок шартында жумуш издөө технологияларына студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү окутуу;
— иштеп жаткан практика базаларынын ишин талдоо жана жаңы базаларды издөө;
— ЫМУнун бүтүрүүчүлөрүн жумушка алууга кызыкдар болгон уюмдардын жетекчилери менен кызматташуу;
— менчик формасына карабастан уюмдардын суроо-талабы боюнча бүтүрүүчүлөр арасынан кадрларды тандоого көмөк көрсөтүү;
— ЫМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу тууралуу, анын ичинде алган адистиги боюнча, маалыматтарды бирдиктүү тартипте чогултуу.
Бардык сунуштар жана жаралган суроолор боюнча Борбордун жетектөөчү адиси Курманалиев Максат Ишенбиевичке кайрылсаңыздар болот.
- Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы,
- Каракол ш., Абдрахманов көч., 103, 220-каб.
- Телефон: +996 705 20 03 81
- Электрондук почта: vypuskniki.igu@gmail.com
Ишмердүүлүгү боюнча отчет
Карьера жана практика жөнүндө ЖОБО
Студенттер өндүрүштүк практикалары жөнүндө ЖОБО
Жылдын мыкты практиканты кароо сынагы боюнча жобо
2026-жылдын 17-февралында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогикалык адистиктеги бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын семинар болуп өттү. Бул жерден толугураак маалымат
2026-жылдын 19-февралда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде “Башталгыч класстарда окутуу” жана “Чет тили” адистиктери боюнча квалификациялык практиканын багыттоочу конференциясы болуп өттү. Бул жерден толугураак маалымат
2026-жылдын 25-февралында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ПО-21 тайпасынын студенттери Рустамбеков Н. жана Алмерекова А. 2026-жылдын 9.02–21.02 мөөнөтүндө Каракол шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо «Түндүк» тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча ыктыярдуу иш-чарага катышышты. Жыйынтыгында жогоруда аталган мамлекеттик борбордун бөлүм башчысы Т.С. Тюлежанов тарабынан ыктыярчы студенттерибизге ыраазычылык билдирилди. Бул жерден толугураак маалымат



