#АРДАГЕРЛЕРДИН_ЭРДИКТЕРИН_ДАНКТАЙБЫЗ

2020-жылдын 30-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Ысык-Көл облусунун Ардактуу Атуулу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Бабалар баскан улуу жол» аталышындагы онлайн тарбиялык сабагын өттү. Улуу Ата Мекендик согуштун залакасынын дүйнө элдерине тийгизген терс таасирлери, кесепеттери, ар бир үй булөгө орду толгус кайгы алып келгендиги тууралуу кеңири маалыматка ээ болушту. Студенттерге бүгүнкү жакшы заманда илим билим алуу үчүн талыкпастан эмгек кыла беришин каалап, карылык батасын да берип кетти.



Оставьте комментарий