«Адамзатты алааматтан сактаган Улуу Жеӊиш»

2020-жылдын 7-майында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Адамзатты алааматтан сактаган Улуу Жеӊиш» аттуу онлайн конференция өткөрүлдү. Конференцияда ректор Абдылдаев Курманбек Кыянович ачылыш сөзүн сүйлөдү. Аталган конференцияда докладдар эрдик, тарыхый эстелик, тылдагы күжүрмөн эмгек жөнүндө болуп, төмөндөгү темалар каралды: филос.и.к., доц. Керимкулов Ж.К. «Кыргызстан Улуу ата мекендик согуш учурунда: согуш талаасындагы ийгиликтер», т.и.к., доц. Муканбетова Р.Б. «Кыргызстан Улуу ата мекендик согуш учурунда: тылдагы иш чаралар», т.и.к., доц. Асаналиева Ж.Б. «Историческая память народа», т.и.к., доц. Ишенбекова Н.Т. «Вторая мировая война: новые взгляды и переосмысления». Онлайн конференциянын соңунда резолюциянын долбоору кабыл алынды.





Оставьте комментарий