17-ноябрь студенттердин Эл аралык күнүнө карата К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Студенттер келечек ээлери” темасында онлайн тегерек стол уюштурулду. Тегерек стол ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Аканов Дөөлөт Кусейнович, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Атыгаев Бактыбек Исаевич, эл аралык бөлүмдүн башчысы Иманакунова Индира Жекшеналиевна, карьера жана ишке орноштуруу борборунун башкы адиси Арзыматов Болот Мамбеттурдуевич, массалык – маданий иштер боюнча жетектөөчү адис Борбодоев Кубатбек Сактанбекович, университеттин 2014-жылкы бүтүрүүчүсү Жамалова Рахат жана университеттин студенттеринин катышуусунда болуп өттү.

Иш-чараны Аканов Дөөлөт Кусейнович жана Атыгаев Бактыбек Исаевич өзүлөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен ачып беришип “Тилекке каршы, сиздерди бүгүн онлайн түрдө куттуктоого туура келип жатат. Бирок, университет дайыма сиздер менен. Билим алуу – замандын талабы. Ошого жараша, сиздер дагы дистанциондук түрдө болсо дагы терең билим алып, өзүңөрдү жаркын келечекке даярдагыла” , – деген ойлорун билдиришти. Ал эми, Иманакунова Индира Жекшеналиевна жана Арзыматов Болот Мамбеттурдуевич эл аралык бөлүмүнүн, карьера жана ишке орноштуруу борборунун алып барган иштери, студенттерге берилген мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири сөз кылышты. Ошондой эле, университеттин бүтүрүүчүсү Рахат Жамалова өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерге кеңештерин берип, суроолоруна жооп берди.

ЫМУнун студенттери дагы тегерек столго активдүү катышышты. Орус тили жана чет тилдер факультетинин 3-курсунун студенти Токтобекова Алия, “Кембридж университетиндеги студенттердин жашоосу” темасында, ал эми аталган факультеттин 2-курсунун студенти Канатбекова Акылай “Гарвард университети” темасында доклад окушту. Аталган окуу жайлардын артыкчылыктары, ошондой эле К. Тыныстанов университети менен окшоштуктары тууралуу айтып өтүштү. Мындан сырткары, университеттин студенттери окуу жайдын берген мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу боюнча талкуу жүргүзүшүп, окуу жайды дагы өнүктүрүү боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, викторина дагы ойнотулуп, жеңүүчүлөрү уюштуруучулардын whatsapp номерине келген жооптору аркылуу аныкталып, сыйлыктар берилмекчи.





Оставьте комментарий