Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо өттү

2020-жылдын 11-декабрында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо өттү. Ректорлук кызматка 5 талапкер аттанды. Шайлоо 2 турдан туруп, жыйынтыгында 151 добуш менен Иманбаев Аскар Асангазиевич жеңишке ээ болду.

Аскар Асангазиевичти ректорлук кызматка шайланышы менен куттуктап, университетибизге жаңы ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.

Университетти 10 жыл жетектеп, өсүшүнө өз салымын кошкон Абдылдаев Курманбек Кыяновичке ийгилик жана ден соолук каалайбыз.







Оставьте комментарий