2020-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Туркбаев Пазылбек Борубаевич К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жамаатына расмий буйрук менен жаӊы ректор Иманбаев Аскарбек Асангазиевичти тааныштырды.

Урматтуу Аскарбек Асангазиевич, Сизди ректорлук кызматка расмий дайындалышыӊыз менен ЫМУнун жалпы жамааты куттуктайт!
Сизге, ушул жогорку жана жооптуу кызматта, жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайбыз!

Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана тажрыйбаңыз, баарлашуу жөндөмүңүз жана ишкердик сапаттарыңыз профессордук-окутуучулук жамааттын жана студенттердин колдоосу менен университетибиз динамикалуу өнүгүп, эмгек рыногунда талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун жаңы деңгээлине чыгат деп ишенебиз.
Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мындан ары гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы ийгиликтүү чечимдерди каалайбыз!




Оставьте комментарий