Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекттик университетинде Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган факультеттер аралык жумалык башталды. 3-декабрдан -11-декабрга чейин факультеттер Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Ак кеме» «Аскада калган аңчынын ыйы», «Биринчи мугалим» ж.б. чыгармаларынан үзүндүлѳрдү ЫМУнун 3-корпусундагы Илимий китепканынын окуу залында аткарышат. Жыйынтыгында улуу жазуучубуздун туулган кунү 12-декабрда «Айлуу түндѳ айтылган жомок» аттуу театралдаштырылган кѳрсѳтүү борбордук аянтта Сиздердин назарыңыздарга сунушталат.

Оставьте комментарий