К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Корей тил борбору кезектеги сертификаттарын тапшырды. 
Корей тилине кызыккандардын саны күн сайын өсүүдө. Каракол шаарындагы дээрилик бардык мектептерден келген окуучулардан сырткары үйдө бош отурган жаш келин-кыздар да бул тилди үйрөнүүгө ынтызар. 
Бүгүнкү иш-чарада 40 окуучуга ЫМУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Б.Атыгаев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси И.Иманакунова сертификаттарын салтанаттуу түрдө тапшырышты.
Тил борборунан таалим алган окуучулар корей элинин маданияттын, салт-санаасын, искусствосун даңазалап, ыр ырдап, бийлерин бийлешип, улуттук тамак-аштарын жасап, иш-чаранын көркүн ачышты.
Корей борборунун волонтеру Анна Цойдун мындан аркы иштерине ийгилик кааламакчыбыз!

Оставьте комментарий