«Башталгыч билим берүүнүн актуалдуу проблемалары» аталыштагы тегерек стол

2019-жылдын 28-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Кыргыз филология, педагогика жана искусство факультетинин «Башталгыч билим берүү» кафедрасынын жамааты Ак-Суу районунун, Тегизчил айылындагы К.Эшимбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери менен бирдикте «Башталгыч билим берүүнүн актуалдуу проблемалары» деген аталышта тегерек стол өткөрдү. 
Тегерек столдо ЖОЖ менен мектеп ортосундагы байланышты чыӊдоо, башталгыч класстын мугалимдерин даярдоо процессинде мектептин талабын эске алуу, тажрыйба алмашуу максатында кызыктуу талкуу жүрдү. Кафедранын доценттери Т.Байтикова, Ч.Курманалиева, окутуучулар: К.Арбаев, А.Мукамбетова, М.Токбергеновалар аталган маселе боюнча мазмундуу презентацияларын мектептин мугалимдерине тартуулашты. Жыйынтыгында башталгыч билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун бирге иштеп чыгууну колго алуу жана аны ишке ашыруу туурасында сунуштар киргизилди.

На данном изображении может находиться: 5 человек, люди сидят и в помещении

Оставьте комментарий