Мектепке чейинки курактагы балдардын кебин өстүрүүнүн жолдору боюнча семинар

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин башталгыч билим берүү кафедрасынын доценти Ч.Курманалиева тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларына мектепке чейинки курактагы балдардын кебин өстүрүүнүн жолдору боюнча семинар өткөрдү. Анда, доцент Ч.Курманалиева, окутуучу К.Омурзаковалар кеп өстүрүүнүн жолдору, доцент Т.Байтикова мектепке чейинки курактагы балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү, окутуучу М.Токбергенова портфолио жана ага коюлуучу талаптар деген темалардын негизинде кызыктуу семинар өткөрүштү. Ар бир материал менен тааныштырууда угуучулар кызыгуу менен катышып, өз ойлорун айтып, иш тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышты. 
Семинадын практикалык бөлүгүндө доцент Ч.Курманалиева угуучуларды «Энелер мектеби» кабинети менен тааныштырып, кандай максатта ачылганын, жабдылышы балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жооп бере тургандыгын түшүндүрүп, «Балалык», «Наристе» 480 саат программалары боюнча иш алып барып жаткан тарбиячы, мугалимдердин суроолоруна жооп берип, мындан ары да байланышты үзбөй иштеше турган болушту.

На данном изображении может находиться: 1 человек, сидит

На данном изображении может находиться: 1 человек, сидит и в помещении

Оставьте комментарий