2020-жылдын 27-ноябрында КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлү Майрыков Айбек Майрыкович жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жумаева Жылдыз Суйоркуловна К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы жамаатын 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, улуттар аралык ынтымакты жана достукту бекемдөөгө салымын кошкон мугалимдерге жана кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырышты.

К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору, Абдылдаев Курманбек Кыяновичке эки жолу Каракол шаардык кеңешинин депутаты болуп эмгектенип, Каракол шаарынын өсүп өнүгүүсүнө жана университеттин базасынын чыңдалышына кошкон салымы үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» деген жогорку даражадагы сыйлык ыйгарылды.

Университеттин Экономика жана туризм факультетинин окутуучусу Бутенко Ирина Викторовнага Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин “Ардак грамотасы” тапшырылды.

Кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин окутуучусу Өмүрзакова Карамат Кудайкуловна Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды.

К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Аканов Доолот Кусеинович Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Эркебаев Абдыганы Эркебаевичтин атынан Ассамблеянын юбилейлик төш белгиси менен сыйланды.
Орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин окутуучусу Белогорцева Марина Алексеевна, AVN бөлүмүнүн башкы адиси Мусаева Мээрим Бактыбековна жана массалык – маданий иштер боюнча жетектөөчү адис Борбодоев Кубатбек Сактанбекович Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Окуу жайдын окутуучуларын жана адистерин алган грамоталары жана төш белгилери менен куттуктайбыз! Сиздерге дагы албан ийгиликтерди каалайбыз!









Оставьте комментарий