Президенттик стипендия

2020-жылдын 25-декабрында Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун КФ-41 тайпсынын студенти Жумаева Касиет жана Р-41 тайпасынын студенти Турдумахмедова Айдана окуудагы мыкты жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдуу катышкандыгы үчүн Президенттик стипендия алууга татыктуу болушту. Студенттерибизди бул ийгилиги менен куттуктап, келечекте университеттин, өлкөбүздүн атын чыгарган мыкты адистерден болушуна тилектешпиз.

Белгилей кетсек Президенттик стипендияга 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн 29 жогорку окуу жайынын 70 студенти татыктуу деп табылды.




Оставьте комментарий