Түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды

2021-жылдын 4-январында түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземин ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев ачып, угуучуларды курсту ийгиликтуу аякташы менен куттуктады. 2020-2021-окуу жылында түрк тилин 3 группада 40 угуучу окуду. Курстарга К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулары, студенттери, Ысык-Көл облусунун мектеп окуучулары жана Каракол шаарынын тургундары катышты.

Курсту TÖMER түрк тилин окутуу борборунун окутуучу-волонтеру Мехмет Али Каплан окутту.

Аталган курс Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана TÖMER түрк тилин окутуу борборунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 2019-2020-окууу жылынан баштап Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн бекер өтүлүп келе жатат.







Оставьте комментарий