К. Карасаевдин 120 жылдыгына карата “К. Карасаев кыргыз элинин улуу мудариси” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү

2021-жылдын 5-январында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде КР Улуттук Илимдер Академиясынын Ардактуу академиги, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог КР илимине эмгек синирген ишмер К. Карасаевдин 120 жылдыгына карата “К. Карасаев кыргыз элинин улуу мудариси” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш-чара мамлекеттик масштабда уюштурулуп, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Элчибек Нуржадыевичтин, Кусеин Карасаевдин кызы Карасаева Алтынай Хусаиновнанын, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевичтин, КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары- Иманалиев Кайрат Олжобаевичтин, филология илимдеринин доктору – Үкүбаева Лайли Үкүбаевнанын, Каракол шаарынын мэри Джумаев Эрмат Джумаевичтин, К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору, Иманбаев Аскар Асангазиевичтин баштаган университеттин окутуучулары жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Конференцияны ректор Иманбаев Аскар Асангазиевич ачып берип, өзүнүн сөзүндө “К. Карасаев өзүнүн артында баа жеткис мурас калтырды. Биздин чыгаан агайыбыздын эмгектерин барктап, бапестеп кийинки муунга калтыруу биздин милдет”, – деп билдирди. Жаңы муун кыргыз тилинин басып өткөн жолун, улуу инсандардын эмгектерин билүүсү зарыл экендигин, жана бул конференция дал ушул максатты көздөп уюштурулуп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Пленардык кеңешмени, К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ага окутуучусу, ф.и.д., профессор Иманов Акеш Иманович “К. Карасаевдин адамгерчилиги жана илимпоздугу” темасындагы доклады менен ачып берди. К. Карасаевди жакындан тааныган Акеш Иманович, көмүскөдө калган эмгектери жана көпчүлүккө билинбеген адамдык сапаттары тууралуу сөз кылды.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ага окутуучусу, ф.и.д., проф. м.а. Дунканаев Абдыкалык Токтогулович, “К.Карасаев жана кыргыз тилинин лексикографиясы” темасындагы доклад окуду. Карасаевдин кыргыз тилинин фундаментин түзгөн иштери тууралуу сөз кылды. Ар бир эмгеги азыркы күндө терең илимий изилдөөгө муктаж экендигин баса белгиледи.

Конференциянын соңунда Карасаев таануучу Ибраимов Алихан Жеңишович жыйынтыктоочу сөзүндө конференциянын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.








Оставьте комментарий